.gov бул расмий дегенди билдирет Мамлекттик жана Муниципалдык мекемелердин веб-сайттары көбүнчө .gov менен аяктайт. Купуя маалыматты бөлүшүүдөн мурун, Жети-Өгүз  айыл өкмөтүнүн өкмөттүк сайтында экениңизди текшериңиз.

[bvi text="Версия для слабовидящих"]

ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНУН АКИМИ ЖАРАНДАРДЫ ЖЕКЕ КАБЫЛ АЛАТ

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бахавадинов Эрмек Ибрагимович Жети-Өгүз айыл аймагынын жашоочуларын жеке кабыл алат. 📅 Кабыл алуу күнү: 2026-жылдын 6-октябры🕘 Убактысы: саат 09:00дөн 12:00гө чейин📍 Дареги: Жети-Өгүз айыл аймагы, Липенка айылы, Корниенко көчөсү №100 Жеке кабыл алууда жарандар өздөрүн кызыктырган маселелер, сунуштар жана кайрылуулар боюнча район жетекчисине түз кайрыла алышат. Урматтуу тургундар! Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, […]

Ичке-Булун айылында жаңы ФАП жана мечит пайдаланууга берилди

Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Ичке-Булун айылында жакшы саамалык орун алды Айыл тургундары үчүн жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана мечит курулуп, элдин кызматына берилди. Бул маанилүү социалдык долбоор «Смарт Женерейшн» коомдук фонду тарабынан каржыланууда. Жаңы ФАП айыл элине сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзүп, саламаттыкты сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат. Ал эми мечит руханий баалуулуктарды бекемдеп, ынтымакты […]

Ырдык айылында тарбия жана салт-санаа багытында жыйын өткөрүлдү

Жети-Өгүз айыл аймагынын Ырдык айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгу жолу жөнүндөгү,2022-жылдын 24-февралындагы №54,2021-жылдын 29-январындагы №1,2022-жылдын 20-майындагы №157 жарлыктарын ишке ашыруу максатында«улуу муун менен жаштардын ортосундагы мамиле, ысырапкорчулук, үрп-адат, каада-салт жана таалим-тарбия берүү» темасында жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы У.С. Докоев,«Кыргыз аксакалдар кыймылы» коомдук бирикмесинин директору К. […]

Жаңы жылдык салт уланууда!

Жети-Өгүз айыл аймагынын Чырак айылында 2006-жылдан бери мыкты салт калыптанып, ар жылы жаңы жыл майрамы муундан муунга өтүп, айыл тургундарына өзгөчө майрамдык маанай тартууланып келет. Быйыл дагы бул жакшы салт улантылып, «1991-жылкы муундун» демилгеси менен 2026-жылга карата жаңы жылдык куттуктоо, белектер жана көңүлдүү иш-чаралар уюштурулду. Майрамдык иш-чаралар айыл элине жагымдуу маанай тартуулап, ынтымакты жана биримдикти […]

V Элдик Курултайдын алкагында Жети-Өгүз районунда социалдык жана өндүрүш объектилери онлайн ачылды

Бүгүн, 25-декабрда, IV Элдик Курултайдын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун катышуусу менен өлкө аймагындагы бир катар социалдык объектилер жана өндүрүш ишканалары онлайн форматта ачылып, расмий түрдө ишке берилди. Президенттин катышуусундагы онлайн ачылышка Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Желе-Дөбө айылындагы 100 орундуу «Бүбүш эне» атындагы бала бакчасы жана Чырак айылындагы «Демир Груп» ЖЧКсынын ишканасы кошулуп, ишмердүүлүгүн баштады. […]

Регионалдык жайыт коомчулуктарынын туруктуулугу – АДАПТ долбоору боюнча окуу өткөрүлдү

2025-жылдын 3-декабрында Каракол шаарында БАЛИ (BALI) программасынын алкагында жайыттарды жакшыртуу боюнча гранттык долбоорлорго өткөн айыл өкмөттөр үчүн окуу семинары өткөрүлдү. Семинарга АДАПТ долбоорунун катышуучулары келип, окуу процессине активдүү катышышты. Иш-чаранын негизги максаты — регионалдык жайыт коомчулуктарынын туруктуулугун жогорулатуу жана айыл чарба тармагында заманбап башкаруу ыкмаларын жайылтуу болду. Окуу учурунда айыл чарба тармагын туура уюштуруу, натыйжалуу […]

Жети-Өгүз айыл аймагында тазалыкты камсыздоого багытталган иштер жүрүүдө

Жети-Өгүз айыл өкмөтү тарабынан айыл ичиндеги санитардык абалды жакшыртуу жана калктын жашоо шартын оңдоо максатында тазалыкты камсыздоого багытталган бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында 4 даана таштанды таштоочу навес орнотулуп, ошондой эле 2 даана таштанды чыгаруучу атайын унаа лизинг аркылуу алынды. Бул техникалар жана навестер айыл аймагында таштандыларды ырааттуу жыйноого жана өз убагында чыгарууга шарт […]

Жети-Өгүз айыл аймагындагы жаңылык: Богатыровка айылында жаңгак бактары отургузулат

Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Богатыровка айылында 10 гектар жер тилкесине жаңгак көчөттөрүн отургузууга даярдык иштери жүрүп жатат. Бул демилге айыл чарбасын өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана тургундар үчүн кошумча киреше булактарын түзүү максатында ишке ашырылууда. Айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, азыркы учурда жерди иштетүү, тегиздөө жана көчөттөрдү даярдоо иштери жүрүүдө. Жакын арада жаңгак көчөттөрүн отургузуу иштери […]