Жети-Өгүз айыл аймагынын Ырдык айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин
2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгу жолу жөнүндөгү,
2022-жылдын 24-февралындагы №54,
2021-жылдын 29-январындагы №1,
2022-жылдын 20-майындагы №157 жарлыктарын ишке ашыруу максатында
«улуу муун менен жаштардын ортосундагы мамиле, ысырапкорчулук, үрп-адат, каада-салт жана таалим-тарбия берүү» темасында жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы У.С. Докоев,
«Кыргыз аксакалдар кыймылы» коомдук бирикмесинин директору К. Оркошов,
ушул уюмдун кеңешинин төрагасы Ө. Чотонов,
Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү К. Аббасов,
Жети-Өгүз районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы А.А. Султаналиев,
ошондой эле айыл аймактын имамдары, аксакалдары жана жаштар катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө улуу муун менен жаштардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү, улуттук баалуулуктарды сактоо, ысырапкорчулукка жол бербөө жана тарбия маселелери боюнча кеңири талкуулар болуп, суроо-жооп форматында пикир алышуулар жүргүзүлдү.
Жыйындын соңунда катышуучуларга китептер жана брошюралар белекке берилди.





