2025-жылдын 3-декабрында Каракол шаарында БАЛИ (BALI) программасынын алкагында жайыттарды жакшыртуу боюнча гранттык долбоорлорго өткөн айыл өкмөттөр үчүн окуу семинары өткөрүлдү.
Семинарга АДАПТ долбоорунун катышуучулары келип, окуу процессине активдүү катышышты. Иш-чаранын негизги максаты — регионалдык жайыт коомчулуктарынын туруктуулугун жогорулатуу жана айыл чарба тармагында заманбап башкаруу ыкмаларын жайылтуу болду.


Окуу учурунда айыл чарба тармагын туура уюштуруу, натыйжалуу башкаруу жана туруктуу өнүктүрүү боюнча жаңы көз караштар, заманбап ыкмалар жана эффективдүү пландоо инструменттери талкууланды. Катышуучулар практикалык мисалдар аркылуу өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, келечектеги ишмердүүлүк үчүн пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.
Мындай окуулар жергиликтүү деңгээлде жайыттарды рационалдуу пайдаланууга жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


