Жети-Өгүз айыл өкмөтү тарабынан айыл ичиндеги санитардык абалды жакшыртуу жана калктын жашоо шартын оңдоо максатында тазалыкты камсыздоого багытталган бир катар иштер жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында 4 даана таштанды таштоочу навес орнотулуп, ошондой эле 2 даана таштанды чыгаруучу атайын унаа лизинг аркылуу алынды. Бул техникалар жана навестер айыл аймагында таштандыларды ырааттуу жыйноого жана өз убагында чыгарууга шарт түзөт.



Жаңы алынган унаалар жана орнотулган навестер айыл тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого жана экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө болот.
Жети-Өгүз айыл өкмөтү мындан ары да калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган иштерди улантат.
«Таза айыл — ден соолуктуу жашоо!
Тазалык ар бирибизден башталат!»


