.gov бул расмий дегенди билдирет Мамлекттик жана Муниципалдык мекемелердин веб-сайттары көбүнчө .gov менен аяктайт. Купуя маалыматты бөлүшүүдөн мурун, Жети-Өгүз  айыл өкмөтүнүн өкмөттүк сайтында экениңизди текшериңиз.

[bvi text="Версия для слабовидящих"]

Жаңы жылдык салт уланууда!

Жети-Өгүз айыл аймагынын Чырак айылында 2006-жылдан бери мыкты салт калыптанып, ар жылы жаңы жыл майрамы муундан муунга өтүп, айыл тургундарына өзгөчө майрамдык маанай тартууланып келет.

Быйыл дагы бул жакшы салт улантылып, «1991-жылкы муундун» демилгеси менен 2026-жылга карата жаңы жылдык куттуктоо, белектер жана көңүлдүү иш-чаралар уюштурулду. Майрамдык иш-чаралар айыл элине жагымдуу маанай тартуулап, ынтымакты жана биримдикти бекемдеди.

Айыл элинин биримдигин, урпактардын ортосундагы ынтымакты жана улуттук салт-санааны даңазалаган мындай саамалыктар жаштар үчүн мыкты үлгү болуп саналат.