.gov бул расмий дегенди билдирет Мамлекттик жана Муниципалдык мекемелердин веб-сайттары көбүнчө .gov менен аяктайт. Купуя маалыматты бөлүшүүдөн мурун, Жети-Өгүз  айыл өкмөтүнүн өкмөттүк сайтында экениңизди текшериңиз.

[bvi text="Версия для слабовидящих"]

Ичке-Булун айылында жаңы ФАП жана мечит пайдаланууга берилди

Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Ичке-Булун айылында жакшы саамалык орун алды

Айыл тургундары үчүн жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана мечит курулуп, элдин кызматына берилди. Бул маанилүү социалдык долбоор «Смарт Женерейшн» коомдук фонду тарабынан каржыланууда.

Жаңы ФАП айыл элине сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзүп, саламаттыкты сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат. Ал эми мечит руханий баалуулуктарды бекемдеп, ынтымакты жана биримдикти арттырууга өбөлгө болот.

Бул иштер жергиликтүү калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Биргеликте — өнүгүүгө!