Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Богатыровка айылында 10 гектар жер тилкесине жаңгак көчөттөрүн отургузууга даярдык иштери жүрүп жатат. Бул демилге айыл чарбасын өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана тургундар үчүн кошумча киреше булактарын түзүү максатында ишке ашырылууда.
Айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, азыркы учурда жерди иштетүү, тегиздөө жана көчөттөрдү даярдоо иштери жүрүүдө. Жакын арада жаңгак көчөттөрүн отургузуу иштери башталат.
💬 «Бул аракет келечекте айылдын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Жаңгак бактары айлана-чөйрөгө да оң таасирин тийгизет», — деп билдирди айыл өкмөтүнүн өкүлү.
Мындай демилгелер менен айыл аймактын жашоочулары үчүн жашоо шартын жакшыртуу жана туруктуу киреше табуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.




