Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында жана 2026-жылдын 24-октябрында өтүп жаткан «JASHYL DEM FEST – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY» бүткүл улуттук жашылдандыруу фестивалына карата Жети-Өгүз айыл аймагында масштабдуу жашылдандыруу иш-чарасы уюштурулду.
Жети-Өгүз айыл аймагынын аймагындагы Богатыровка айылында «Таза карма» коомдук бирикмеси менен биргеликте жалпы ишембилик өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашыл аймактарды кеңейтүү максатында бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштери жүргүзүлдү.
Жалпы 10 гектар жер тилкесине бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул демилге аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, жаратылышты коргоого, жашыл аймактарды көбөйтүүгө жана келечек муундар үчүн таза, көрктүү чөйрөнү түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Ишембиликке Жети-Өгүз айыл аймагынын жана райондук мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле жаратылышка кайдыгер карабаган ыктыярчылар активдүү катышты. Жалпысынан 355 адам бир максаттын айланасына биригип, аймакты жашылдандырууга өз салымдарын кошушту.






