Иш-чарада бул негизги инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү боюнча концепциялар сунушталды. Негизги көңүл жолдун үстүн жаңыртуу, жарыктандырууну жаңыртуу, жашылдандыруу жана шаарга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Долбоорлордун негизги багыттары:
✅ Жети-Өгүз айылынын борбордук көчөсү – жолду кеңейтүү, тротуарларды куруу жана ага жакын аймакты жакшыртуу пландаштырылууда.
✅ Бекин Байсеркеев көчөсү – жолдун үстүн алмаштыруу, жаңы жарыктандырууларды орнотуу, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр зонасын өнүктүрүү пландаштырылууда.
✅ Жети-Өгүз курорту – долбоорго кирүүчү жолдорду реконструкциялоо, коомдук аймактарды жакшыртуу, туристтик навигация орнотуу жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү кирет.
Бет ачарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, архитекторлор, дизайнерлер, ошондой эле райондун тургундары катышып, өз сунуштарын, каалоо-тилектерин айта алышты.







