«КУМТӨР КЕНИНИН КАЛДЫКТАРДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮ КОМПЛЕКСИ» АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ТААСИР ТИЙГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ
ТОГОЛОК АЛТЫН КЕНИ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИР ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИР ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ ТОГОЛОК АЛТЫН КЕНИ
1-июнь балдарды коргоо күнү

Урматтуу Жети-Өгүз айыл аймагынын ата-энелери,сүйүктүү балдар, 1-июнь “Балдарды коргоонун эл аралык күнү ” менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Балдар – биздин келечегибиз, жашообуздун маңызы жана жарыгы! Бүгүнкү майрамга карата ар бир айылда балдарга концерттик программанын коштоосунда бал муздактар таратылды.
АРАШАН 2025-Фестивалы

Бүгүн 29-май Жети-Өгүз айыл аймагынын Көк-Жайык жайлоосунда асыл тукум койлордун, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмө райондогу 22 фермердин Арашан койлору алынып келинди. Фестивалга коңшу өлкөлөрдүн да фермерлери чакырылды. Бүгүнкү күндө райондо асыл тукум койлорду баккан фермерлердин саны көбөйүүдө жана сандан сапатка өтүп жатканы белгилүү. Фестивал салбуурун,аркан тартыш жана башка улуттук оюндары менен коштолду.
Жети-Өгүз айыл аймагы боюнча волейбол боюнча мелдешке кыз-келиндер, балдар арасында курама командасы түзүлүп мелдеш болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” номер 1 Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Жети-Өгүз айыл аймагы боюнча волейбол боюнча мелдешке кыз-келиндер, балдар арасында курама командасы түзүлүп мелдеш болуп өттү.