АРАШАН 2025-Фестивалы

Бүгүн 29-май Жети-Өгүз айыл аймагынын Көк-Жайык жайлоосунда асыл тукум койлордун, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмө райондогу 22 фермердин Арашан койлору алынып келинди. Фестивалга коңшу өлкөлөрдүн да фермерлери чакырылды. Бүгүнкү күндө райондо асыл тукум койлорду баккан фермерлердин саны көбөйүүдө жана сандан сапатка өтүп жатканы белгилүү. Фестивал салбуурун,аркан тартыш жана башка улуттук оюндары менен коштолду.